Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Жапониядагы психиатриялык клиникадагы өрттөн 28 киши көз жумду


Осакадагы өрт тутанган психиатриялык клиниканын жанында турган офицер. 17-декабрь, 2021-жыл.
Осакадагы өрт тутанган психиатриялык клиниканын жанында турган офицер. 17-декабрь, 2021-жыл.

Жапониянын Осака шаарындагы психиатриялык клиникадан өрт чыгып, кеминде 28 киши көз жумду. Полиция өрттү атайлап бирөө койгон болушу мүмкүн деген негизде кылмыш ишин козгоду. Өрт 17-декабрь күнү эртең менен тутанган.

Психиатриялык ооруканада депрессияга кабылгандар, уйкусуздуктан жапа чеккен бейтаптар дарыланат. Тилсиз жоо жарым сааттын ичинде өчүрүлгөн. NHK телеканалынын маалыматына караганда, клиникага кандайдыр бир суюктук көтөргөн улгайган киши киргени байкалган.

2019-жылы Жапонияда белгисиз адам Киотодогу киностудияга өрт коюп, 36 киши көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG