Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

COVID-19: Бишкекте ыктыярчы Адинайга арналган мурал пайда болду


Адинай Мырзабекованын сүрөтү тартылган мурал.
Адинай Мырзабекованын сүрөтү тартылган мурал.

Бишкекте медицина кызматкерлерине жана маркум Адинай Мырзабековага арналган мурал пайда болду. Медициналык академиянын жатаканаларынын биринин дубалына тартылган 200 чарчы метрлик сүрөттөрдүн автору сүрөтчү Марлен Бакачиев.

Бул окуу жайдын студенти, 22 жаштагы Адинай Мырзабекова 2020-жылы коронавирус пандемиясы курчуп турганда Бишкекте күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жатып каза тапкан. Кийин ага «Эрдик» медалы ыйгарылган.

Кыргызстанда расмий эсеп боюнча коронавирустан 2 миң 800дөй бейтап каза болду. Көз жумгандардын жүздөн ашууну медицина кызматкерлери. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG