Кара-Кече кенинде бир апталык тыныгуудан кийин бүгүн, 20-декабрда көмүр казылып, жүктөлө баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жүктөлгөн көмүр Бишкекке 22-декабрга келет.
Аталган ишкана тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан баштап көмүр казуу токтотулганын маалымдаган. Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр үзгүлтүксүз жеткирилери айтылган.
12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркын мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Бирок бааны туруктуу кармоого мүмкүн болбой жатат.
18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттаганы айтылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирип, баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өскөнүн ырстаган эле.
16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Аларга чоң кезек жаралып, бир кишиге ашып кетсе эки тонна гана сатылууда. (КЕ)
Facebook шеринеси