Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Польшада сөз эркиндигин коргогон акция өттү


Польшада өткөн акция.
Польшада өткөн акция.

Жекшемби күнү, 19-декабрда Польшанын 100дөй шаарында оппозициялык TVN каналын коргогон акция өттү. Варшавада саат 19:00 демонстранттар президенттик сарайдын алдына чогулушту. Алар массалык маалымат каражаттарынын эркин болушун талап кылышты. Акцияга "Жарандык платформа" оппозициялык партиясынын төрагасы, Польшанын мурдагы премьери Дональд Туск, "Жарандык коалициядан" президенттик шайлоого талапкер болгон Малгожата Кидава-Блоньская жана башка саясатчылар, журналисттер жана активисттер катышты.

Варшавадагы жана башка шаарлардагы акцияны Демократияны коргоо комитети уюштурган. Активисттер бийликтин азыркы кадамдары 1989-жылдан бери Польшанын тарыхында сөз эркиндигине жасалган эң олуттуу сокку экенин белгилеген кайрылуу жарыялашты.

"Бийликтеги партия жана ага кызмат кылгандар көз карандысыз маалымат каражаттарын жабууну каалап жатышат. Анткени алар өздөрүнүн эң коркунучтуу атаандашы чындык экенин түшүнүшөт. Орусияда Владимир Путиндин бийлиги ушундайча башталган. Бийликти сындаган НТВ телеканалын 2001-жылы мамлекеттик "Газпром" концерни сатып алган. Польшанын Орусия менен Венгриянын жолуна түшкөнүнө макул эмеспиз. Биз көз карандысыз маалымат каражаттарына экономикалык эркиндикти талап кылабыз", - деп айтылат кайрылууда.

TVN телеканалынын программалык директору Эдвард Мичак Варшавадагы акцияда биринчилерден болуп сүйлөдү.

"Мен бул жерге жумуш ордумду коргоо үчүн келген жокмун, бирок үйдөгү пульттан кайсы каналдын кнопкасын басууну өзүм чечиш үчүн келдим. Бизге эмнени көрүш керек экенин эч ким айтпашы керек".

Польшанын таанымал Gazeta Wyborcza газетасынын башкы редакторунун орун басары Ярослав Курский да чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп: "Өткөн президенттик шайлоолор биз, бардык ЖМКлар бири-бирибиз менен тилектеш болушубуз керектигин көрсөттү. Тилектештик болбосо эркиндик болбойт. Тилектеш болсок эркин болобуз, эркин болсок биз жеңебиз", - деген.

2015-жылдан бери Польша басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде 18-орундан 62-орунга түшүп кеткен. Бул Нигерия, Армения жана Чилиден дагы төмөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG