Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Гонконгдогу шайлоодо Бээжинди колдогон талапкерлер жеңди


Гонконгдогу добуш саноо. 19-декабрь, 2021-жыл.
Гонконгдогу добуш саноо. 19-декабрь, 2021-жыл.

Гонконгдун мыйзам чыгаруу кеңешине жекшемби күнү өткөн шайлоодо Бээжиндин саясатын колдогон талапкерлер жеңип чыкты. Бул Кытай Гонконгдун шайлоо мыйзамдарына талаштуу өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийинки алгачкы шайлоо болуп калды. Жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин Кытайга лоялдуу “патриот” талапкерлер гана шайлоого катыша алары кабарланган.

Бирок, 19-декабрдагы шайлоого катышуу төмөн болуп, 30,2 пайызды гана түздү. Бул 1997-жылы Улуу Британия Гонконгду Кытайга өткөрүп бергенден кийинки эң төмөнкү көрсөткүч.

Добуш берүүнүн расмий эмес жыйынтыгына ылайык, бул шайлоодо жеңип чыккан талапкерлердин дээрлик бардыгы Кытайдын борбордук бийлигинин саясатын колдошот. Бул шайлоого саналуу гана көз карандысыз талапкер катышты.

Гонконгдун лидери Кэрри Лам шайлоонун жыйынтыгына канааттанып турганын 20-декабрдагы маалымат жыйынында айтты. Бирок ал шайлоого эмне себептен Гонкондогу 4,5 миллион шайлоочунун 1,3 миллиону гана катышканы тууралуу суроого так жооп бере алган жок.

Гонконгдогу жаңы коопсуздук мыйзамынан улам АКШга качууга аргасыз болгон демократиялык активист Санни Чунг Гонкондогу шайлоочулардын көбү Кытайдын саясатына каршылык иретинде добуш берүүгө барбаганын айтты.

Соңку жылдары Гонконгдо Бээжиндин саясатына каршы чыккан демократиялык кыймылдардын демонстрациялары күч менен басылганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG