Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой иштен алынды


Алексей Цой.
Алексей Цой.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз жарлыгы менен саламаттыкты сактоо министри Алексей Цойду кызматтан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали 20-декабрда социалдык тармактар аркылуу билдирди. Акордонун расмий сайтында министрдин эмне себептен иштен алынганы айтылган жок.

Цойду бул кызматка Касым-Жомарт Токаев 2020-жылдын июнь айында коронавирус илдети күчөп турган кезде дайындаган.

Алексей Цой 2014-жылдан бери саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Казакстан президентинин иш башкармалыгынын медицина борборун жетектеп келген.

Цойго чейинки министр Элжан Биртанов "бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу" фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында үй камагына алынган.

Анын ордун баскан Цойдун дарегине да коронавирусту ооздуктоо жана калкты эмдөөдөн өткөрүү маселелерине байланыштуу сын-пикирлер айтылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG