Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Сот Чүй-Кемин округундагы шайлоодо уткан Саккараевдин арызын канааттандырган жок


Чүй облусундагы шайлоо округдары
Чүй облусундагы шайлоо округдары

Бишкек административдик соту Жогорку Кеңешке шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу анын тарапташы Кайрат Чокеев билдирип, Жогорку сотко кайрылуу жиберилгенин айтты.

18-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Медербек Саккараевдин Казакстандын жарандыгы бар экени такталган деген негизде аны талапкер кылып каттоо тууралуу чечимин жокко чыгарган.

Анын расмий өкүлү Боршайкомдун чечими боюнча сотко кайрыларын билдирип, Чүй-Кемин округундагы шайлоонун жыйынтыгы азырынча чыгарылбай турган болгон.

Шайлоодо Саккараев өз округунан эң көп добуш алган (9 906). Бул добуш бергендердин 24% түзөт. Тынайбек Жансеитов 8 551 (21,4%) добуш менен жарышта экинчи болуп келген.

Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин округунда кайра шайлоо өтөрүн же мандат кийинки орунду алган талапкерге берилерин чече элек. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов Саккараевдин ордуна Жансеитов келип калышы ыктымалдыгын айткан.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система менен өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Алардын 54ү партия менен, 36сы өз алдынча шайланды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG