Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Эрдогандын сунушунан кийин түрк лирасынын куну кескин түштү


Түрк лирасынын кунсузданышы 22-декабрда президент Режеп Тайып Эрдоган улуттук валютаны олку-солкулуктан коргоо үчүн жарыялаган жаңы чаралардан кийин кайра күчөдү.

21-декабрь күнү бир АКШ доллары 12,4 лирага бааланса, 22-декабрда эртең мененки акча алмаштыруу курсунда анын наркы кайра 12,25 лирага чыкты.

Эрдоган мурунку күнү чаралар пакетин жарыялагандан кийин АКШ долларынын наркы 6% өстү.

20-декабрда лиранын долларга карата курсу 18,36 болуп, эң төмөнкү чекке жеткенден кийин түрк валютасы 21-декабрдын башында 11ден бир аз жогору көтөрүлүп, 12ге жакындап барып турукташкан болчу.

Эрдоган 20-декабрдын кечинде сүйлөгөн сөзүндө жергиликтүү валютанын чет элдик валюталарга карата девальвациясы банктардын пайыздык ченинен ашып кеткен жагдайда лира менен сакталган депозит ээлеринин чыгымын өкмөт төлөп бере турганын жарыялаган.

"Мындан ары биздин жарандар валюта курсу көтөрүлөт деп чочулап, депозиттерин түрк лирасынан чет элдик валютага которуунун кажети жок", - деген президент Эрдоган.

Лиранын кунсузданышы Түркияда баанын көтөрүлүшүнө алып келгени кабарланды.

Ал эми көптөгөн түрктөр банктардагы улуттук валютадагы аманаттарын сактап калуу үчүн аларды тез арада чет элдик валюталарга алмаштырып же алтын сатып алып, дүрбөлөңгө түшкөнү айтылууда.

Эрдоган аманаттарды сактоо планын каржылоо үчүн өкмөт кайсы булактардан каражат табарын жана бул чаралар эмне менен бекемделгени тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Анткен менен банкирлер жана каржы эксперттери түрк лирасынын курсунун түшүшү өкмөттү аманатчылардын жоготууларын жабууга мажбурласа, инфляцияны ого бетер күчөтүп, тартыштыкты күчөтүшү мүмкүн экенин эскертишти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG