Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Баткенде чек арага жакын жерде автоунаага ок атылды


Максат айылына кире бериши.
Максат айылына кире бериши.

Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы Максат айылына жакын жерде - Арка-Максат жолунда бараткан автоунаага "ок атылды" делген тасма 22-декбарда түштөн кийин соцтармактарда тарады. Бул окуя боюнча Баткен облустук чек ара башкармалыгынын жетекчиси тажикстандык кесиптештери менен жолугушуп жатканы маалым болду.

Ок атуу окуясын “Азаттык” радиосуна аймактык чек ара башкармалыгынан тастыкташты. Бирок, ок атуунун себеби жана ким тарабынан атылганы боюнча такталгандан кийин гана толук маалымат берилерин билдиришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG