Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Нургазы Нишанов "Кыргызнефтегаз" ишканасына жетекчи болду


"Кыргызнефтегаз" ишканасынын имараты.
"Кыргызнефтегаз" ишканасынын имараты.

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын төрагасы болуп Нургазы Нишанов дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Нургазы Нишанов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2017-жылы мандатын тапшырып, "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясынын тизмеси менен катышкан.

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Ишкана быйыл президент менчикке өткөрүш керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген. (МТа/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG