Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Өзбек өкмөтү жаш ишкерлерге насыя берет


Жаштарды ишкердикке тартуу жана алардын ишкер демилгелерин колдоо максатында Өзбекстандын Улуттук банкына президенттин жарлыгы менен 100 миллион доллар бөлүндү.

Өзбекстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 21-декабрдагы өкмөттүн №765-токтомуна ылайык, бул каражаттар 2022-2024-жылдары жаш ишкерлердин жаңы бизнес долбоорлорун каржылоо үчүн насыя катары бөлүнөт.

Миңден 2000ге чейинки (540 миллион сумга же 49,8 миң АКШ долларына чейинки) базалык эсептеги кредиттер Борбордук банктын курсу боюнча 7 жылга чейин, бирок үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда бийликке келгенден кийин калктын түрдүү катмарына ишкердик менен алектенүүгө насыя берүү боюнча бир катар токтомдор кабыл алынган.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Өзбекстандын эки ири мамлекеттик банкы – "Халык Банк" жана "Микрокредитбанк" көйгөйлүү кредиттердин үлүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу коммерциялык насыя берүүнү токтотушкан болчу.

Финансисттердин айтымында, көйгөйлүү кредиттердин көлөмү дээрлик бардык мамлекеттик банктарда өсүп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG