Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Аида Касымалиева Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

37 жаштагы Аида Касымалиева ЖК төрагасынын орун басары болуп 2018-жылдын 26-декабрында шайланган. 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болуп келген.

Эмгек жолун "Азаттык" радиосунда иштөөдөн баштаган. Мындан сырткары эл аралык Internews Network, Al Jazeera эл аралык телекомпаниялары менен кызматташкан, КТРКда, Борбордук Азиядагы Америка университетинде иштеген.

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кызматын 2016-жылдан бери Миргүл Молдоисаева аркалап келген. Туруктуу өкүлдөр Нью-Йоркто иштейт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG