Бишкекте жаңы жылдык президенттик балаты өттү, ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышты.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү бар. Ошондой эле, балдар үйлөрү, памирлик кыргыздардын, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган.
Президенттик балатыда театрлаштырылган жаңы жылдык концерт болуп, иш-чара республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлдү. (МТа)
Facebook шеринеси