Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Түркмөнстанда "Омикрон"-штаммы табылганы кабарланууда


Ашхабаддагы бейтапканалардын бири.
Ашхабаддагы бейтапканалардын бири.

Түркмөнстандын Балкан облусунда жакында Казакстанга барып келген төрт түркмөн жаранынан коронавирустун "Омикрон"-штаммы табылды.

Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү дарыгерге шилтеме кылып билдирди. Маалыматка ылайык, "Омикрон" аныкталганы үчүн облуста карантин чаралары күчөтүлдү.

Азырынча түркмөн жарандарынан вирус качан аныкталганы так белгисиз. Жергиликтүү дарыгердин айтымында, эки апта мурда түркмөн-казак чек арасы ачык болгон жана Казакстандагы түркмөн жарандарына өлкөгө киришине уруксат берилген. Бирок “Омикрон”-штаммы табылгандан кийин чек ара жабылган.

22-декабрдан тарта коронавирустун жаңы варианты катталганы айтылган Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарынан Ашхабадга бараткан жүргүнчүлөр COVID-19 бар же жогун аныктоо үчүн дароо эки тест тапшырууга милдеттендирилди.

21-декабрда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов тиешелүү өкмөттүк мекемелердин башчыларына өлкөгө “Омикрондун” киришине жол бербөөнү тапшырган.

Пандемия башталгандан бери Бердымухаммедов өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет. Бирок кабарлар өлкөдө COVID-19дун бир нече толкуну болгонун күбөлөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG