Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Жапаров: Коронавирустун үчүнчү толкунун эл сезбей калды


Sinopharm вакцинасы менен эмдөө өнөктүгү. 2021-жыл.
Sinopharm вакцинасы менен эмдөө өнөктүгү. 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров быйыл коронавируска каршы күрөшүүгө сырттан жардам алынбай, мамлекеттик бюджеттен 3,8 млрд. сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Жапаровдун белгилешинче, ФОМСко (медициналык камсыздандыруу фондуна) 2019-2020-жылдагы карызы үчүн 700 млн. сом төлөнсө, пандемия менен күрөштө кызыл аймакта иштеген медицина кызматкерлерине 1,3 млрд. сомдук кенемте төлөнгөн. Коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн чет өлкөлөрдөн 1,075 млрд. сомдук вакцина сатып алынган.

"Бул иштердин натыйжасында элибиз коронавирустун 3-толкунун сезген жок. Элди аман алып калдык", - деди президент.

Кыргызстанда коронавирус былтыр 23-мартта аныкталган. Андан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны - 184 395 адамга жетти. Илдеттен 179 497 адам сакайды. Жалпы - 2790 адам вирустан каза болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG