Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Президент быйылкы шайлоолор таза өткөнүн белгиледи


Парламенттик шайлоодон кийин добуш кагаздарын кол менен саноо учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл. Иллюстрация.
Парламенттик шайлоодон кийин добуш кагаздарын кол менен саноо учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл. Иллюстрация.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бийликке келгенден берки убадаларынын бири катары - шайлоолорду таза өткөрүү болгонун, жыйынтыгында ал убада аткарылганын айтты.

Бүгүн, 25-декабрда өкмөттүн жыл жыйынтыгы боюнча отурумунда сүйлөп жатып айрым жаш саясатчыларды шайлоо жыйынтыгына нааразы болбоого чакырды.

"Президенттик шайлоо таза өттү. Үч жолу жергиликтүү кеңештерге шайлоо, эки ирет референдум, аягында парламенттик шайлоо өттү. Референдумда жаңы Конституция колдоо тапты. Аралаш шайлоо системасы менен шайлоо өттү. Депутаттардын саны 90го чейин кыскарды. Жаңы Конституциянын долбоору жалпы элдин талкуусуна коюлду. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ишенбегендер үчүн добуш кагаздары кайра саналды. Мындай тарыхта болгон эмес. Мурда шайлоо бүткөн күнү эле добуш кагаздары жок кылынчу. Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык принциптерди карманган өлкө боюнча калды. "Демократия аралчасы авторитардык мамлекетке айланып баратат" деген сөз туура эмес", - деди Садыр Жапаров.

Президент үгүт иштериндеги кемчиликтерди да белгилеп, кара пиар менен куру убадага эл ишенбей калганы шайлоо жыйынтыгында көрүнгөнүн айтты.

Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Ага катышкан 28 саясий партиянын ичинен алты партия 5% босогодон өтүп, парламенттеги 54 депутаттык орунга ээ болду. 34 депутат бир мандаттуу округдардан шайланды. Бишкек шаарындагы эки бир мандаттуу округда "баарына каршы" добуш көп берилгендиктен, кайра шайлоо өтөрү кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG