Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Депутаттар парламенттин түзүмүн 12-январда карайт


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары парламенттин түзүмүн жаңы жыл майрамдарынан кийин карамай болду. Бул тууралуу 30-декабрдагы жыйында төрага Талант Мамытов билдирди.

Күндүн биринчи жарымында депутаттык комиссия жаңы парламенттин түзүмү боюнча өзүнүн вариантын сунуштаган. Ал долбоордо төраганын мурдагыдай эки эмес төрт орун басары, тогуз комитеттин ордуна жети комитет түзүү каралган. Бул сунуш жыйында кызуу талкууну жаратты. Айрым эл өкүлдөрү комитеттердин санын 12ге чейин көбөйтүп, вице-спикерлердин санын кыскартууну сунушташты. Алгач талкуу түштөн кийин уланары айтылып, бирок Мамытов комиссия өзүнүн ишин аягына чыгара электигин билдирди.

Натыйжада бул маселе Жогорку Кеңештин кийинки жыйынында, 12-январда каралмай болду.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 29-декабрда ишин баштады. Парламенттин түзүмүн иштеп чыгуу үчүн 18 депутаттан турган комиссия түзүлгөн.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG