Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

Гани Ооганстандан чыгып кетүүдөн башка аргасы болбогонун билдирди


Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани. 18-август, 2021-жыл. Бириккен Араб Эмираттары.
Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани. 18-август, 2021-жыл. Бириккен Араб Эмираттары.

Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани августта Кабулдан шашылыш чыгып кетүүсүнүн себебин түшүндүрүп, андан башка аргасы болбогонн айтты.

«Би-Би-Сиге» курган маегинде Гани өлкөсүнөн 15-августта согушкерлер башкалаага кирип барышканда кан төгүүнү жана Кабулдун талкаланышын болтурбоо үчүн чыгып кеткенин билдирди. Анткен менен бул маалыматты ырастай турган далилдер жок.

Ганинин айтымында, жардамчысы келип, чыгып кетпесе "баарыбызды өлтүрүп кетишет" деп айткан.

"Ал мага болгону эки мүнөт берди. Мурдагы пландарга ылайык, мен Хост шаарына бармак элем. Бирок жардамчым Хост менен Желалабад шаары талибдердин колунда экенин айтты. Мен кайда учарыбызды билген жокмун. Асманга көтөрүлгөндө гана Ооганстандан чыгып баратканыбыз түшүнүктүү болду",-деди Гани 30-декабрда курган маегинде.

Ал ошондой эле өлкөдөн «миллиондогон доллар менен чыгып кеткен» деген сөздөрдү четке какты.

Гани Бириккен Араб Эмираттарына барып, саясий башпаанек алган. Дүйнөлүк банктын мурдагы кызматкери, 72 жаштагы саясатчы 2014-жылы жыйынтыгы талаш жараткан шайлоодон кийин Ооганстандын бийлик башына келген.

Оогандыктардын көбү аны чечүүчү маалда өлкөсүн таштап, чыгып кеткенин сындап келишет.

«Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти 15-августта басып алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG