Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 31-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада өлкө боюнча COVID-19 вирусунан эки киши кайтыш болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан жалпы 2 802 киши көз жумду.

Өткөн суткада дагы 56 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алганы аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Чүй аймагында.

  • Бишкек шаарында - 41
  • Жалал-Абад облусунда - 7
  • Баткен облусунда - 3.
  • Ош облусунда - 2
  • Талас облусунда - 2
  • Чүй облусунда - 1

Азыркы учурда өлкө боюнча 257 адам медициналык жардамды ооруканадан, 319 киши үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 31-декабрга карата 1 млн. 229 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын бир миллиондон ашууну эки дозаны тең сайдырышты. (МТа)

XS
SM
MD
LG