Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Аскар Салымбеков ал тууралуу жалган маалымат таратпоого чакырды


Аскар Салымбеков.
Аскар Салымбеков.

“Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, ишкер Аскар Салымбеков өзү жөнүндө социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканын билдирип, аларга ишенбөөгө чакырды. Анын айтымында, Интернетте “Салымбеков оппозицияны каржылап жатат” деген жалган маалымат тарап жатат. Салымбеков кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу таратты.

“Аскар Салымбеков оппозицияны каржылап жатат деген имиштерин төгүндөп, ошол маалымат булактарын жалган маалыматты таратуудан алыс болууга чакырмакчымын. Мен ар дайым өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүн колдоп келгем жана колдой бермекчимин. Эч качан саясий оюн кылып, тигил же бул тарап кылып бөлүнгөн да, бөлгөн да жокпуз. Эл шайлаган ар бир бийлик менен конструктивдүү иш алып барып, колдоп келдик”, - деп айтылат кайрылуусунда.

Өлкөдөгү белгилүү олигарх Аскар Салымбеков Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын мэри болгон. Ал “Эмгек” саясий партиясын түптөп, 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, босого чектен өтпөй калган.

“Эмгек” партиясы 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого да катышарын билдирип, бирок кийин баш тартып койгон жана БШКда катталган өкүлдөрүн чакыртып алган.

13-февралда "Эмгек" саясий партиясында жаңы жетекчи болуп Аскар Салымбековдун агасынын баласы Ырысбек Мааткабылов шайланган. 45 жаштагы Мааткабылов 2013-2014-жылдары Бишкектин Ленин райондук акимчилигин, шаардын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеген.

11-июлда өткөн Бишкек шаардык шайлоосунда жеңишке жетип, "Эмгек” 11 мандат алган. 11 мандатка ээ болгон фракциянын лидери болуп ишкердин иниси, буга чейин бир нече жолу депутат болгон Жумабек Салымбеков шайланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG