Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Украинада Бандераны даңазалаган жүрүш өттү


Киевде Бандеранын туулган күнүнүн урматына жүрүшкө чыгышты.
Киевде Бандеранын туулган күнүнүн урматына жүрүшкө чыгышты.

20-кылымдын ортосундагы талаштуу улутчул лидер Степан Бандеранын туулган күнүн белгилөө үчүн Киевде жүздөгөн украиндер колдоруна факел көтөрүп, жүрүшкө чыкты.

Жөө жүрүш 2-январга караган түнү Орусия Украина менен чек арага жакын жерде аскер кубатын көбөйтүп жаткан учурга туура келди. Айрым пикирлерге караганда, бул аракеттер Украинаны басып алуу үчүн даярдык болушу мүмкүн.

«Бүгүн фронтто баскынчылар менен согуш болуп, тылда «бешинчи колоннага» каршы күрөш уланып жаткан кезде, биз Степан Бандеранын элесин эскерип, урматтайбыз», - деди «Оң сектор» улутчул партиясынын лидери Андрей Тарасенко.

Көптөгөн украиндер Бандера украин улутчулдар уюмун жана антисоветтик кыймылдын саясий канатын жетектегени үчүн ага "баатыр" катары сый көрсөтүшкөн.

Анын аскердик канаты болгон Украинанын козголоңчу армиясы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жана андан кийин партизандык иш-аракеттерди жүргүзгөн.

Степан Бандера 1959-жылы Мүнхенде СССРдин атайын кызматы жөнөткөн канкор тарабынан өлтүрүлгөн. "Советтик аскерлерге каршы көтөрүлүшкө чыккан жана нацисттик Германия менен кызматташкан" деген негизде башкалар аны чыккынчы деп эсептешет.

Бандеранын аскерлери да бир нече убакыт бою фашисттерге каршы салгылашкан. Анын бул уюму поляктарга жана еврейлерге каршы дагы кагылыштарды жүргүзгөн деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG