Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Коронавирустан дагы бир адам каза болду


3-январга карата өлкө боюнча коронавирустан дагы бир адам каза болду. Ал эми вирустун жаңы 41 учуру катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (39) аныкталган.

Ош шаарында төрт адам катталса, калган аймактарда вирусту жугузгандар аныкталган жок.

Вирус жуккандардын расмий саны 184 827ге жетти, анын 179 900дөн ашыгы айыкты. Каза болгондор 2800дөн ашты.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG