Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Бишкек: Парламенттик кайра шайлоого мурдагы эки депутат да катышканы жатат


Боршайком имараты.
Боршайком имараты.

Бишкектин парламенттик шайлоо кайра өткөрүлө турган эки округунда талапкерлигин өз алдынча коёрун расмий билдиргендер 14 адамга жеткенин бүгүн, 4-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Биринчи Май округунда Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков жана Элвира Сурабалдиева депутаттыкка аттанарын билдиришти.

Ал эми Свердлов округунда Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошова, Жаныбек Асанбеков жана Гуля Алмамбетовадан расмий билдирме түштү.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн. Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдарында “баарына каршы” деген добуш эң көп болгондуктан кайра шайлоо дайындалган.

Бул округдарда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 27-январда аяктайт.

Жогоруда аталган талапкерлер арасынан Элвира Сурабалдиева жана Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин буга чейинки (алтынчы) чакырылышында депутат болушкан. Атазов 28-ноябрдагы шайлоого Төлөйкөн округунан катышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG