Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 22:28

Нур-Султан: “Азаттыктын” журналисти Дархан Омирбек кармалды


Дархан Омирбек

Казакстандын Нур-Султан шаарында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акцияларын чагылдырып жаткан “Азаттыктын” дагы бир журналисти Дархан Омирбек кармалды.

Дархан Омирбек өзүн алып кетип жаткан полициянын автоунаасынан түз эфирге чыгып, баяндап жатты. Омирбекти каякка алып кетишкени белгисиз. “Азаттык” борбордун полиция департаментинен комментарий ала элек.

Мурдараак акциялар учурунда Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, эки сааттан кийин кайра бошотулган.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер акцияларга Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларынын жүздөгөн тургундары да кошулду. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айта баштады.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январда башталган. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Учурда Нур-Султан шаарында жүздөгөн кишилер президент менен жолугууну талап кылып жатканы кабарланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча билдирүү жасап, аларды “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” чакырган. Президент “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Мангыстау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууга барарын" кошумчалады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG