Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин башынан кетти


Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин башчылыгынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген Эрмек Сагимбаев дайындалды. Тиешелүү буйруктарга президент Касым-Жомарт Токаев кол койгону тууралуу маалымат 6-январда Акордонун сайтына жарыяланды.

56 жаштагы Масимов атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин бир нече жолу өкмөттү жетектеген.

Казакстанда атайын кызматтын жетекчилиги Алматыда "антитеррордук операция" башталган маалда алмашты.

5-январда Алматыда өзгөчө абал жарыялганына карабастан, желим таяк, калкандарды көтөргөн белгисиз адамдар шаар администрациясына кирип барышкан. Ошол эле күнү аэропорттун имаратын да басып алышканы маалым болгон. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондогон шаарында уланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG