Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Президент Жапаров менен Эрдоган Казакстандагы окуяны талкуулады


Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, региондогу кырдаалды, анын ичинде Казакстандагы окуялардын талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митинг ондон ашык шаарга жайылды. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар айтылды. Азыркы маалда эң курч кырдаал Алматыда болуп жатат. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланган. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйөө менен ЖККУдан жардам сурады. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөткөнү маалым болду.

Азырынча уюмга мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын аскерлери гана Казакстанга бара элек. Жогорку Кеңеш кворум жоктугунан бул маселени 6-январда карабай калды.

Бишкекте Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө каршы акция өттү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG