Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Түркия Казакстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

6-январда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөштү. Анда өлкөдө болуп жаткан окуяларга жакындан көз салып турганын, ошондой эле Казакстанда жаңы өкмөттүн тез арада түзүлүшү жана чыңалуунун кыска убакытта токтотулушуна тилектеш экенин айткан.

Ошондой эле түрк лидери Казакстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү, анда негизинен Казакстандагы саясий кризис талкууланганы кабарланды.

Уюм 2009-жылдын октябрында түзүлүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы мүчө болгон.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Негизги нааразылык Алматы шаарында өтүп жатат. 5-январда анда мэриянын, прокуратуранын жана бийлик партиясынын имараттары өрттөлгөн. Кийин бийлик "антитеррордук операция" жүргүзүп, тополоңго катышып жаткан бир нече жарандар жок кылынганын маалымдаган. Натыйжада ондогон адам каза тапканы кабарланды. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG