Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Зась: Казакстанда ЖККУнун 2500 аскери болот


Казакстанга жөнөтүлгөн орус аскерлери, 6-январь 2022-жыл.
Казакстанга жөнөтүлгөн орус аскерлери, 6-январь 2022-жыл.

Бир канча күндөн бери нааразылык уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2500 аскери болот. Бул тууралуу аймактык уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” жаңылыктар агенттигине билдирди.

"Кырдаалга жараша иш кылабыз. Керек болсо, күчтөндүрөбүз", - деди Зась.

Ал Казакстанга ЖККУнун күчтөрүн жөнөтүү процесси 7-январда жыйынтыкталарын, жалпысынан уюмдагы “бейпилдик күчтөрүнүн” саны 3600гө жетерин кошумчалады.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөткөнү маалым болду.

Азырынча уюмга мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын аскерлери гана Казакстанга бара элек. Жогорку Кеңеш кворум жоктугунан бул маселени 6-январда карабай калды.

Бейшемби күнү Бишкекте Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө каршы акция өттү.

"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, Казакстанда коомчулуктун басымдуу бөлүгү да ЖККУ күчтөрүнүн өлкөгө киргизилишине терс пикир билдирүүдө. Change.org сайтындагы ЖККУнун чечимине каршы петицияга 6-январдын түнүнө карай 11 500 киши кол койду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG