Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Казакбаев: Ар бир жараныбыздын укугу корголот


Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

Казакстанда кармалган жарандар боюнча аталган өлкөнүн тиешелүү органдары менен тынымсыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын"Азаттыкка" тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кабарлады.

"Бизге кайрылган жарандар боюнча иштер жүрүүдө. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана өкмөтүнүн ар түрдүү деңгээлиндеги органдары менен аракеттер жүрүп жатат. Рузахунов боюнча биздин консулдуктун кызматкерлери иш алып барууда. Мындай кризистик учурда эл аралык укуктун алкагында жана эки тараптуу келишимдердин алкагында бардык аракеттер көрүлөт. Биздин ар бир жараныбыздын укугу корголот", - деди министр.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги беш кыргыз жараны кармалганы ырасталганын билдирди. Учурда алардын тек-жайы такталууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда башаламандыкка катышы бар деген шек менен алты миңден ашуун адам кармалды. Казакстандын Ички иштер министрлиги кармалгандардын арасында "кошуна мамлекеттердин жарандары" бар экенин айткан, бирок кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG