Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Алматы: кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулду


Викрам Рузахунов.
Викрам Рузахунов.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшөкеев "Азаттыкка" билдиргендей, учурда Рузахунов Бишкекке келе жатат.

Мунун алдында Кыргызстандын Юстиция министрлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөткөн. Анда пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги жазылган.

Ага чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырган.

Жекшембиде "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG