Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:01

Акыйкатчы институту: Чымкентте сурактан чыккан Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор


Чымкент шаардык акимчилигинин алдында турган күч кызматкерлери. 7-январь, 2022-жыл.
Чымкент шаардык акимчилигинин алдында турган күч кызматкерлери. 7-январь, 2022-жыл.

Акыйкатчы институту Казакстандын Чымкент шаарында кармалып, полицияга сурак берип чыккан кыргызстандык эмгек мигранты Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор экенин кабарлады.

1997-жылы туулган Төрөгелдиевдин туугандары Акыйкатчы институтуна кайрылган. Алардын айтымында, Баялыны Чымкенттин полициясы 9-январда үйүнөн күч колдонуп алып кетип, сабап, суракка алган. 10-январда кайра суракка чакырылган. Туугандары Баялынын абалы оор, медициналык жардамга муктаж экенин айтып жатышат.

Акыйкатчы институту Казакстандын омбудсмени Элвира Азимовага кайрылып, кармалган кыргызстандыктарга укуктук жардам берүүгө көмөктөшүүнү, алардын ар бири тууралуу так маалымат берүүнү, кармалгандарды суракка алууда, изилдөө жүргүзүүдө эл аралык адам укугуна байланыштуу нормаларды сактоону өтүнгөн кат жиберди.

10-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Казакстандын аймагында беш кыргызстандык кармалганы тууралуу маалымат берди.

Акыркы кабарларга караганда, Казакстанда башаламандыкка катышы бар деген шек менен алты миңден ашуун адам кармалды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG