Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Женевада АКШ менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды


АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Рябков. Женева, 10-январь, 2022-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Рябков. Женева, 10-январь, 2022-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жана Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков башында турган делегациялардын сүйлөшүүсү 10-январда Женевада башталды.

Орусия Украинага жакын аймакка он миңдеген аскерлерин жайгаштырган. Бул Батыш менен Киевдин кооптонуусун жаратып жатат.

Расмий сүйлөшүүлөрдүн алдында Шерман менен Рябков 9-январда кечки тамак үстүндө сүйлөшүшкөн.

Мамдепартамент тараткан билдирүүдө дипломаттар «эки тараптуу темаларды талкуулашты».

Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин 12-январда Брюссенде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны өтөт. Андан соң 13-январда Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун алкагында Венада көп тараптуу жолугушуулар болору күтүлүп жатат.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында Рябков Орусиянын үч негизги талабын билдирди: НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек, Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш жана НАТО 1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгын операцияларын өткөрбөшү керек.

АКШнын расмий адамдары Орусиянын айрым талаптарын ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин, ал эми кээ бирлери боюнча сүйлөшсө болорун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG