Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Өзбекстанда "омикрон" штаммы табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында коронавирустун "омикрон" деген түрү табылганын 9-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы штамм Өзбекстанга келген чет өлкөлүк жарандан аныкталган. Буга байланыштуу атайын комиссия чараларды күчөтүү чараларын кабыл алды.

Мындан ары Өзбекстанда санитардык чаралар күчөтүлөт. 15-январдан баштап Өзбекстанга кирген жарандардан ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынат. Ошондой эле ири иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынары эскертилди.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-январда өлкөдө коронавирустун "омикрон" штаммы катталбаганын маалымдаган.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму бул штаммдын белгилери буга чейинкилерге караганда жеңил өтөрүн, бирок аны алдын алуу керектигин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG