Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:16

Алматыдан 150дөн ашык кыргыз жараны алынып келди (видео)


Ак-Жол өткөрмө бекети.
Ак-Жол өткөрмө бекети.

Алар ушул тушта кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекетинен өтүп жатат. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов эвакуациялангандар автобус менен Бишкекке жеткирилерин билдирген.

Буга чейин Арипов Алматыда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдаган. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирген. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңдорго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Жиншанлону камаганы белгилүү болду.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген жана расмий Бишкек казак тарапка нота жөнөткөн.

Казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG