Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Токаев: "Элбасынын" арты менен ашынган байлардын катмары пайда болгон


Казакстандын тунгуч президенти, "эл башы" Нурсултан Назарбаев жана азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев. 21-март, 2019-жыл.
Казакстандын тунгуч президенти, "эл башы" Нурсултан Назарбаев жана азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев. 21-март, 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда парламентте сүйлөп жатып мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевди сынга алды.

«Биринчи президенттин, «Элбасынын» арты менен өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлдеги ашынган байлардын катмары пайда болгон»,-деди Токаев.

Ал ошондой эле «экономикалык өнүгүүдөн олигархтык топтор гана пайда көрүшкөнүн» кошумчалады. Токаев тоо-кен жана мунай-газ сектору мамлекет менен кирешесин бөлүшүүсү зарыл экенин билдирди. Бул тармактар Назарбаевдин жакындарынын жана айланасындагылардын колунда экени айтылып келет.

Токаев ошондой эле прокуратурадан жана башка мамлекеттик органдардан Кытайдын чек арасындагы бажы бекеттерин «тартипке келтирүүнү» талап кылды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйынын өткөрдү. Акордо анда күч органдарынын жетекчилери жана башкы прокурор маалымат бергенин билдирди.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG