Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Акылбек Жапаров быйыл 150 млрд. сом салык чогулутууну тапшырды


Жаңы Салык кодексине байланыштуу ири базарлардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышкан.
Жаңы Салык кодексине байланыштуу ири базарлардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 11-январда Финансы министрлигине караштуу Салык кызматында жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда бир катар тапшырмалар берилгенин маалымдады. Ага ылайык, Жапаров салыкчыларды быйыл 150 миллиард сом, ал эми бажычыларды 100 миллиарддай сом чогултууга милдеттендирди.

Салык кызматы 2021-жылы чогулган салыктын жалпы көлөмү тууралуу азырынча толук маалымат бере элек. Мекеме былтыр тогуз айда 2 миллиард сомдон ашык акча чогулганы, бул мурдагы жылкы ошол мезгилге салыштырмалуу 70тей миллион сомго көп экенин билдирген.

Жогорку Кеңеш былтыр жыл аягында жаңы Салык кодексинин алып, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган деп айтылган. Министрлер кабинети мунун бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы "Дордой", "Дордой Моторс" жана "Таатан" өңдүү базарлардагы соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Айрым ишкерлер жаңы “Салык кодекси” мамлекеттин кызыкчылыгында бир тараптуу жазылып калганын айтып, президентти ага кол койбоого, артка кайтарууга чакырышкан. Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG