Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Жогорку Кеңеште Акбөкөн Таштанбеков ант берди


БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Акбөкөн Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган. 
БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Акбөкөн Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган. 

Жогорку Кеңеште №30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков 12-январда ант берип, кызматка киришти. Аны эки күн мурда Бишкектеги Свердлов райондук соту үй камагына чыгарган.

"Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" лидери Таштанбековду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыптап декабрдын башында камакка алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган.

Атайын кызмат анын шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда социалдык тармактарда тарап кеткен "видеосу коомчулукта терс пикир жараткан" деп билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG