Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Москва: калайман мушташтан улам бир кыргызстандык жаран камалды


Расмий эсепте ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат.
Расмий эсепте ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарынын Таган районундагы калайман мушташка байланыштуу 20 жаштагы кыргызстандык жаран камалганын билдирди. Ошондой эле эки кыргыз жараны административдик жоопкерчиликке тартылды.

"Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Ички иштер министрлигинин Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе элчинин көзөмөлүндө турат", - деп айтылат маалыматта.

Орусиялык басылмалар мушташ 9-январда болгонун, ага Кыргызстандын жарандарынан сырткары Өзбекстан менен Чеченстандан келген ондон ашык адам катышканын жазган.

Анын алдында дагы Москвада калайман мушташ болуп, анда 15 кыргызстандык жаран камалган. Жаңы жылдын алгачкы күнү болгон окуяда алар Өзбекстандын жарандары менен чырдашканы маалымдалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 74 миңден ашуун кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Расмий маалыматтарга ылайык, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп деп айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG