Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:30

Судья Токтосунов Калмаматовдун бөгөт чарасын кароодон баш тартты


Бактыбек Калмаматов коюлган айыптарды “саясий куугунтук” катары сыпаттап келет.
Бактыбек Калмаматов коюлган айыптарды “саясий куугунтук” катары сыпаттап келет.

Бишкек шаардык сотунда саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасын караган ссоттук коллегиянын бир мүчөсү, судья Шарабидин Токтосунов бул процесске катышуудан баш тартты. Ал муну Калмаматов менен буга чейин жакшы мамиледе болгону менен негиздеди. Мындан улам судьялар кеңешүүгө кетишти.

Шарабидин Токтосунов өткөн айдын башында судья болуп дайындалган. Ал азыркы президент Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында камалгандан тартып анын адвокаты болгон. Былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынын маалында Жапаровду колдоп, Бишкектин борбордук аянтындагы акцияларда жүргөн.

Ушул жылы сентябрда Токтосуновго "эмгек сиңирген юрист" деген наам ыйгарылган.

Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармаган. Атайын кызматы аны "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптаган.

Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган. Калмаматов өзү айыптарды четке кагып, “саясий куугунтук” экенин айтып келет.

Саясатчы соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% босого чектен өткөн эмес.

Биринчи май райондук соту 11-январда Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу тууралуу анын жактоочуларынын арызын карап, бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

XS
SM
MD
LG