Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Алия Назарбаеванын социалдык тармактардагы барактары жоголду


Алия Назарбаева.
Алия Назарбаева.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алиянын "Фейсбук" менен "Инстаграмдагы" баракчалары ачылбай калды. Анын алдында Элбашынын кызы ондогон адамдын өлүмү менен аяктаган тоз-тополоңдорго биринчи жолу комментарий калтырган.

Алия Назарбаева курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул окуялардан сабак алуу керектигин жазган. “Атасына аймактардын жашоочуларынан маалыматтар түшүп жатканын” кошумчалап, Элбашыга “көргөзүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын” билдирген. Анын мындай комментарийинин алдына бир топ колдонуучу терс пикир калтырган.

Назарбаев өзү соңку окуяларга байланыштуу азырынча үн ката элек жана ал акыркы жолу коомчулук алдына былтыр 28-декабрда чыккан.

Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон. Бул окуяларга байланыштуу 10 миңдей адам кармалды.

Токаев тополоңдорду "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп баалаган жана ага чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.

XS
SM
MD
LG