Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

"Кумтөрдүн" иши боюнча маалымат берилди


Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.

Министрлер кабинетинин быйылкы жылдагы алгачкы отурумунда каралган маселелердин бири Кумтөр алтын кениндеги иштер болгонун 14-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин сайтындагы маалыматта “«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк алтын кениндеги 2021-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча отчет берди” деп айтылды. Андан башка маалымат берилген жок.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Жарым жылдан кийин "Центерра" кен Кыргызстанга өткөн соң алтын казуу азайып кеткенин билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

2021-жылдын 19-декабрында президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда иш сапары учурунда эл менен жолугушканда Кыргызстан "Кумтөрдүн" үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG