Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

ЖККУ аскерлери Казакстандан кайтууда


Казакстанга жөнөтүлгөн орус аскерлери.
Казакстанга жөнөтүлгөн орус аскерлери.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) күчтөрү катары Казакстанга жөнөтүлгөн орусиялык алгачкы алты учак аскерлер мекенине кайтып, Иваново шаарындагы аэродромго жеткирилгенин 15-январда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Андан ары алар туруктуу жайгашкан пункттарына жөнөйт.

Мындан тышкары дагы эки учак аскерлер Москванын четиндеги "Чкаловский" аэродромуна конду.

Орусиянын учактары менен Армениянын, Беларустун жана Тажикстандын аскерлери да өз өлкөсүнө кайра жеткирилди, Кыргызстандан баргандар 14-январда өз алдынча кайтып келишти.

Казакстанда газдын баасын төмөндөтүү талабы менен 2-январда тынч митингдер башталган. Президент 5-январда өкмөттү иштен кетирген жана акцияга чыккандардын талаптары аткарыларын, экономикалык реформалар жүргүзүлөрүн убада кылган. Кийин митинг өтүп жаткан Алматыда башаламандык чыгып, кан төгүлгөн. Бийлик өлкөгө террордук чабуул жасалганын айтып, ЖККУдан жардам сураган. 11-январда президент Токаев ЖККУнун миссиясы аяктаганын билдирген.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлери Казакстандан 19-январга чейин чыгарылып бүтөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG