Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

COVID-19: Элүүдөй бейтап өтө оор абалда жатат


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирустан дарыланып ооруканада жаткандардын арасынан 279 бейтаптын абалы оор, дагы 49 бейтап өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу 16-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, азыр ооруканаларда жалпысынан 836 адам жатат, алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө. Жетөөнүн абалы жакшы, 501 бейтап орточо оор абалда.

Кыргызстанда соңку бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алгандар боюнча статистика жогорулап жатат. Бүгүн 16-январда 874 бейтап аныкталып, беш айдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды.

Борбор калаа Бишкек “кызыл зонага” киргени, өлкөдө коронавирустун “омикрон” деген эң жугуштуу түрү катталганы 12-январда маалыма болгон. Оштогу облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү кош бойлуулар жана жаңы төрөгөн келиндер дарылануучу “кызыл зонага” айланганы 16-январда маалымдалды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG