Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Австралия депортация кылган теннисчи Новак Жокович Сербияга кайтып келди


Новак Жокович.
Новак Жокович.

Теннис боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапта турган сербиялык белгилүү спортчу Новак Жокович Австралия бийлигинин аны депортация кылуу чечиминен кийин мекенине кайтып келди. Жокович отурган учак 17-январда Белградга конду, аны тарапкерлери тосуп алышты.

Australian Open турнири ушул күнү башталмак. Жокович титулун коргоп калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Новак Жокович Австралияга 5-январда барган. Чек ара кызматы аны коронавируска каршы вакцинаны албоо үчүн медициналык кагазды негизсиз алган деп таап, өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген эмес. Документте Жокович акыркы эки аптада эч жакка чыккан эмес деп көрсөтүлгөн, бирок ал Испанияга барып келгени маалым болгон.

Жоковичтин арызын караган сот бийликтин визаны жокко чыгаруу тууралуу чечимин туура эмес деп таап, карантиндик чараларды алып салууну жана турнирге катыштырууну чечкен. Австралиянын бийлиги Жоковичтин визасын экинчи жолу жокко чыгарган, экинчи соттук талашта судья ушул чечимди кубаттаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG