Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Бишкектеги 16 мектеп коронавирустан улам жабылды


Бишкектеги мектептердин бири. Архив.
Бишкектеги мектептердин бири. Архив.

Бишкек шаарында 18-январдан тартып 16 мектеп жана бир бала бакча коронавируска байланыштуу жабылды. Анын 13ү мамлекеттик, үчөө менчик мектеп. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы билдирди.

Андан тышкары мамлекеттик мектептердеги тогуз класс жана жеке менчик мектептердеги он класс таратылды. Бул мектептердеги окуучулар эки жума онлайн окуйт.

Эки жумага карантинге жабылган мамлекеттик мектептердин тизмеси: №26, №88, №62, №60, №73, №12, №4, №38, №67, №11, №29, №8, №6.

Мындан тышкары №135 бала бакча жабылган.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 820 адамдан аныкталып, үч киши каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (600 адам).

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG