Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Кожошев ишкерлерди тейлеген борбордун ишин сындады


Борбордун башкы максаты ишкерлерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу экени айтылган.
Борбордун башкы максаты ишкерлерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу экени айтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кошошев Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунун ишин сынга алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, Кожошев бул жайга күтүүсүз текшерүүгө барганда кызматкерлердин теңине жакыны иш ордунда эмес экени аныкталган.

Мындан улам "борбордогу тейлөөнү жакшыртууга бир апта убакыт берилди жана жумушуна кайдыгер мамиле кылган кызматкерлерге, жетекчилерге чара көрүлөрү эскертилди", деп айтылат маалыматта.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык кызматы Ишкерлерди колдоо борборунун былтыр ноябрда ачкан. Анын максаты шаардагы ишкерлерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, мамлекеттик кызматтар тууралуу толук кеп-кеңеш, маалымат берүү болот деп айтылган. Бирок соңку учурда бул жайдын иши тууралуу доомат-сын көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG