Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Министрлик: АЭС куруу тууралуу чечим оңой-олтоң кабыл алынбайт


Орусиянын "Росатом" мамлекетитк корпорациясы.
Орусиянын "Росатом" мамлекетитк корпорациясы.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Орусиядагы “Росатом” корпорациясы менен чакан атомдук электр станциясын куруу тууралуу меморандумга кол коюлганына байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда эки тараптуу кызматташуу жолдору талкууланып жатканда чакан АЭСти биргелешип куруу мүмкүнчүлүгүн ар тараптан иликтеп-талдап көрүү жагы белгиленгени айтылат. Ошондой эле кыргыз тарап мындай сунушка кызыгуусун гана билдиргени жазылган.

Министрлик берген түшүндүрмөдө мыйзамдар, көп тараптуу эскпертизалар, экологиялык коопсуздук өңдүү жагдайлар эске алынган жана узакка созулган жараянындын негизинде гана Кыргызстандын аймагында АЭС куруу чечими кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилеген.

Мунун алдында "Росатом" Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен АЭС куруу тууралуу моеморандумга кол коюлганын билдирген. Ага ылайык, тараптар 20-январда Дубайда өтүп жаткан ЭКСПО-2020 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында сүйлөшкөн жана Кыргызстандын аймагында RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландаштырылган.

"Кыргызстанда мындай атомдук электр станциясын куруу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына гана салым кошпостон, калктын жашоо сапатына жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө таасир этет", - деген "Росатомдун" башкы директору Алексей Лихачев.

"Росатомдун" сайтында Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Кыргызстан "декарбонизация жана экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүү учурдун глобалдык тенденциясы болуп саналарын жана Кыргызстан андан четте калгысы келбейт" деп билдиргени айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG