Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапар менен барды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, "Манас-Ордо" комплексине барат, кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Министрлер кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, "Бала-Саруу" гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышары айтылган.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иши менен таанышмакчы.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы Талас облусунда жумушчу сапар менен болуп кеткен. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG