Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Орозайым Нарматова Боршайкомду сотко бербейт


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мандатын жокко чыгарган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова БШКнын чечимин сотко бербейт. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди.

Нарматова мунун себебин сот адилеттигине ишенбей тургандыгы менен түшүндүрдү.

"Менин мандатымды мыйзамсыз тартып алышты. Бирок менин үнүмдү баса алышпайт. Депутат болбосом дагы жарандык позициямды активдүү билдирип, куугунтукка жана мыйзамсыздыкка каршы күрөшө берем", - деди Нарматова.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Мындан тышкары, сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда Нарматованын Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Боршайкомдун 20-январдагы жыйынында бул маалыматтарды ырастап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде комиссия иштеп, Нарматовага берилген дипломду чакыртып алуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Орозайым Нарматова диплом чырын саясий ишмердиги менен байланыштырып жатат. Ал бул иш боюнча УКМКда сурак берип чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 24-январдан баштап мамлекеттик мекеме-министрликтерде иштегендердин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын кызматкерлеринин дипломдору менен жарандыгын текшерип баштайт. Бул текшерүү үч айга созулуп, анын алкагында ушул эле документтер Жогорку Кеңештин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарынан да текшерилет.

Атайын кызмат жасалма документтери бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз эрки менен бошотууга чакырды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG