Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Айзаданын өлүмү: Бишкек соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды


Жарандык активисттер Айзаданын өлүмүно жол бергендердин жоопко тартылышын талап кылып, нааразылык акцияга чыгышкан.
Жарандык активисттер Айзаданын өлүмүно жол бергендердин жоопко тартылышын талап кылып, нааразылык акцияга чыгышкан.

Бишкек шаардык соту 21-январда Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Жабырлануучу тараптын адвокаты Нурбек Токтокунов буга макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу жалпы беш адам кармалган. Биринчи май райондук соту былтыр сентябрда адам уурдоого күнөөлүү деп үч адамды жети, эки адамды алты жарым жылга кескен. Ошондой эле алардын баары биригип, маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары жалпы 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирген.

Былтыр апрелде Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кетишкен. Ал учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада токтоп турган автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өмүрүнө кол салганы аныкталган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болгон.

Жарандык активисттер Айзаданын өлүмүнө жол бергендерди жоопко тартылышын талап кылып бир канча жолу нааразылык акцияларга чыгышкан.

Каргашалуу окуядан кийин шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, кыркка жакынына сөгүш берилген.

Өткөн айда Башкы прокуратура Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу айып коюлган милиция кызматкерлеринин иши өзгөчө көзөмөлдө экенин билдирген. Анын алдында бул кыскартылып калганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG